Легендарлуу парламенттин депутаты: Өлкөнү округга бөлүү — башкарууну оптималдаштыруунун эң туура жолу

Пикир Загрузка... 20 Апрель 2026 16:30
WhatsApp Image 2026-04-20 at 16.29.40.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Легендарлуу парламенттин депутаты, айыл чарба илимдеринин кандидаты Мырзабек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун облус жана райондорду жоюп, округдарды түзүү демилгесин кубаттайт. Мындай пикирин ал “Кабар” агенттигине билдирди.

Мырзабек Касымалиевдин айтымында, бул реформа мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруунун эң туура жолу. Ошону менен бирге ал өзүнүн долбоорун сунуштап, анда өлкөнү 21 округга бөлүүгө болорун белгилейт:

  1. Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары;
  2. Ысык-Көл, Тоң райондору жана Балыкчы шаары;
  3. Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондору жана Нарын шаары;
  4. Кочкор жана Жумгал райондору;
  5. Кемин, Чүй райондору жана Токмок шаары;
  6. Ысык-Ата, Аламүдүн райондору жана Кант шаары;
  7. Сокулук жана Москва райондору;
  8. Жайыл, Панфилов райондору жана Кара-Балта шаары;
  9. Талас, Манас, Айтматов, Бакай-Ата райондору жана Талас шаары;

10-12. Бишкек шаары (өз алдынча үч округ);

  1. Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору, Кербен жана Таш-Көмүр шаарлары;
  2. Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондору, Кара-Көл, Токтогул жана Базар-Коргон шаарлары;
  3. Сузак району, Манас жана Көк-Жаңгак шаарлары;
  4. Өзгөн, Кара-Кулжа райондору жана Өзгөн шаары;
  5. Алай, Кара-Суу райондору, Кара-Суу жана Гүлчө шаарлары;
  6. Ош шаары;
  7. Ноокат, Араван райондору жана Араван шаары;
  8. Кадамжай жана Чоң-Алай райондору;
  9. Лейлек, Баткен райондору, Раззаков жана Сүлүктү шаарлары.
“Долбоордо райондор толугу менен камтылып, Бишкек жана Ош шаарларына өзгөчө статус берип, калган райондордун аймагындагы шаарларды тиешелүү округдарга баш ийдирүү максатка ылайык. Округдардын бардыгын бир калыпта уюштуруп, ишти бир убакта баштоо ийгиликке кепилдик берет.
Тарыхка кайрылсак, эгемендикке чейинки совет мезгилинде деле райондор кошулуп, кайра бөлүнүп турган. Мында эч кандай коркунуч жок. Маселен, президент айыл өкмөттөрүн ирилештиргенде андан зыян тарткан жокпуз, тескерисинче, олуттуу пайда таптык. Административдик-аймактык реформадан кийин алардын саны эки эсеге азайып, штаттык бирдиктер кыскартылды. Натыйжада жылына 1,5 млрд сом үнөмдөлүп, айыл өкмөттөрдүн экономикалык деңгээли көтөрүлдү”, — дейт легендарлуу парламенттин депутаты.

Ал эң башкысы округ жетекчилерин туура тандап, мыйзамдын негизинде талапты катуу коюп, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү экендигин белгилейт.

“Эгерде шарттар түзүлсө, ошондо натыйжа берет. Ар бир округ өзүнүн артыкчылыктуу багытына (айыл чарба, өнөр жай, соода, курулуш ж.б.) жараша долбоорлор менен иш алып баруусу зарыл. Убакытты текке кетирип, керексиз эксперименттерди жасоонун кажети жок, арабызда эл камын ойлогон даяр азаматтар жетиштүү”, — дейт Касымалиев.

Ошону менен бирге легендарлуу парламенттин депутаты климаттык шарттары катаал Тоң, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Кочкор, Жумгал, Баткен жана Лейлек райондоруна экономикалык талдоо аркылуу дотация берүү милдети сакталышы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле ал өлкөнүн айыл чарбасын жандандыруу үчүн төмөнкү стратегиялык иштерди аткаруу зарыл экендигин белгилейт:

  • Сары-Жаз жана Каркыра сууларын Ысык-Көл менен Чүй өрөөнүнө жеткирүү;
  • Чаткал дарыясындагы Терс суусун Ала-Бука районуна буруу;
  • Алайдын Кызыл-Суусунан (Дароот-Коргондон) туннель аркылуу унаа жол жана канал салып, Кадамжай, Баткен, Ноокат райондорун суу менен камсыздоо.
“Бул долбоорлор ишке ашса, өлкөнүн экономикалык жана экологиялык абалы кескин жакшырат деген ишенимдемин”, — деп сөзүн аяктады Касымалиев.