Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 2026-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн туруктуу темпи 8,9 пайыз деңгээлинде сакталат деп болжолдоодо. Банктын баалоосу боюнча, 2027-жылы өсүш 8,4 пайызды түзөт.
АӨБдүн "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" отчетунда белгиленгендей, 2025-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрдөн кийин өлкөнүн экономикасы кыйла тең салмактуу динамикага өтүүдө. Инвестициялар жана акча которуулардын агымы менен шартталган ички суроо-талап өсүштүн негизги фактору бойдон калууда.

АӨБдүн Кыргызстандагы өлкөлүк директору Чжэн Ву билдиргендей, Кыргызстан орто мөөнөттүү келечекте өсүштүн жогорку темпин сактап калуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ, буга уланып жаткан мамлекеттик инвестициялар жана туруктуу ички суроо-талап өбөлгө түзөт.
"Бул импульсту өндүрүмдүүлүктүн жана жашоо деңгээлинин туруктуу өсүшүнө айландыруу үчүн, жеке сектордун колдоосу алдында өнүгүүнү алга жылдыруу жана инвестицияларды мобилизациялоочу, бизнес-чөйрөнү бекемдөөчү структуралык реформаларды тереңдетүү өтө маанилүү. АӨБ узак мөөнөттүү өсүштү жана туруктуулукту чыңдоо боюнча бул аракеттерди колдоого даяр", - деди Чжэн Ву.
АӨБдүн болжолдоолоруна ылайык, инфляция 2025-жылдагы 8,2 пайыздан 2026-жылы 10,3 пайызга чейин жогорулап, андан соң 2027-жылы 8,5 пайызга чейин төмөндөйт.
2026-жылдын апрель айындагы басылмада Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын Азиянын жана Тынч океан аймагынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген таасирин альтернативдик сценарийлердин алкагында баалаган бөлүм камтылган.

Анда белгиленгендей, созулуп жаткан эскалация бир нече каналдар, анын ичинде баалардын басымынын күчөшү, кеме каттамдарындагы үзгүлтүктөр жана финансылык туруксуздук аркылуу экономикалык активдүүлүккө дагы көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.
Басылмада ошондой эле өсүштүн көбүрөөк даражада жеке секторго негизделген моделине өтүү жана жеке инвестициялар үчүн негиздерди бекемдөө Кыргызстандын саясатынын негизги артыкчылыктары болуп саналаары баса белгиленет.
Экономикалык эксперт Төлөн Абдыров АӨБдүн Кыргызстандын экономикасынын өсүшү боюнча божомолун оң баалап, күтүлүп жаткан көрсөткүчтөр глобалдык туруксуздуктун шартында жетиштүү деңгээлде жогору экенин белгиледи.
Анын айтымында, өсүш темпин 8,9 пайыздын тегерегинде кармап турууну жакшы жыйынтык деп эсептесе болот. Ал салыштыруу үчүн Россиядагы кырдаалды мисал келтирди, анда ИДПнын өсүш божомолу 1,8 пайызды түзөт, бул эксперттин пикиринде, алда канча алсыз динамикадан кабар берет.
Эксперт АӨБдүн учурдагы баалоолору дүйнөлүк экономикадагы татаал кырдаалды эске алганда өзгөчө оптимисттик көрүнөрүн баса белгиледи.
"Бүгүнкү күндө жогорку турбулентүүлүк байкалууда, логистикалык чынжырлар бузулуп, ресурстар кайра бөлүштүрүлүүдө, геосаясий чыңалуу сакталып турат. Бул факторлордун бардыгы экономикага түздөн-түз таасирин тийгизет", - деди ал.
Ошону менен бирге, Абдыров көп нерсе глобалдык рыноктордогу кырдаалдын өнүгүшүнө, анын ичинде транспорттук каттамдардын туруктуулугуна жана эл аралык чыңалуунун басаңдашына көз каранды болорун кошумчалады.

Ал ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү экономикалык өсүштүн темптерин 9 пайыздан төмөн эмес деңгээлде кармап туруу милдетин коюп жатканын эске салды. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1 пайызды түзгөн жана үстүбүздөгү жылы бийлик инвестицияларды тартуу жана экономиканын реалдуу секторун колдоо аркылуу оң динамиканы сактап калууга ниеттенүүдө.
Экономист өлкө экономикасынын түзүмүндө тейлөө чөйрөсү — соода, транспорт жана реэкспортту кошкондо 50 пайыздан ашыгын ээлей турганын белгиледи. Бул учурда мамлекет өндүрүштү жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурууну күчөтүүнү пландаштырууда.
Чакырыктарга токтолуп, Абдыров импортко болгон жогорку көз карандылыкты көрсөттү, анын үлүшү болжол менен 90пайызга жетет, бул баалардын деңгээлине таасирин тийгизет. Мындай шартта Кыргызстандын Улуттук банкы интервенцияларды жана инфляцияны ооздуктоо боюнча чараларды көрүүнү улантууда.
Анын маалыматы боюнча, айрым мезгилдерде, мисалы, 2002-жылы инфляция 14,7 пайызга жеткен, бирок акыркы жылдары 7–10 пайыз деңгээлине чейин төмөндөгөн. Калк үчүн кошумча колдоо катары эмгек акылардын жогорулашы болду, деп жыйынтыктады эксперт.
Министрлер кабинетинин башчысы тарабынан айтылган акыркы маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 428,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%пайызггга өскөн.

Өсүш экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалууда. Эң жогорку темп курулушта – 29,6 пайыз, өнөр жайда – 14 пайыз, тейлөө чөйрөсүндө – 7,7%пайыз, ошондой эле айыл чарбасында – 2,8 пайыз катталган.
Өнөр жай өндүрүшүндөгү оң динамика өзгөчө белгиленет. Химиялык продукцияны чыгаруу (3,1 эсеге), фармацевтика (1,6 эсеге), транспорт каражаттарын өндүрүү (+49,5 пайызга) жана пайдалуу кендерди казып алуу (+30,4 пайызга) олуттуу өсүштү көрсөттү. Ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү (+39,7 пайыз), тамак-аш азыктары (+17,9 пайыз), мунай продуктулары (+14,6 пайыз) жана негизги металлдарды өндүрүү (+10,5 пайыз) көбөйдү.
Отчеттук мезгилде негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5 пайызга өстү. Өсүш ички жана тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшүнүн эсебинен камсыз болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жакында Вашингтонго болгон иш сапарынын жүрүшүндө Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү акыркы жылдардагы Кыргызстандын экономикалык өнүгүү динамикасын жогору баалашты.

Эл аралык финансы институттарынын жетекчилиги менен болгон жолугушуулардын алкагында Кыргызстан ички суроо-талап, инвестициялык активдүүлүк жана экономикадагы реформалардын негизинде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөтүп жатканы белгиленди.
ЭВФ жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өлкө акыркы жылдары чөлкөмдөгү экономикалык өнүгүүнүн эң динамикалуу траекторияларынын бирин көрсөтүп жатканын баса белгилешти.