Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Euronews маалымат телеканалынын президенти Педро Варгас Давидди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүк орнотуу жана Кыргызстан тууралуу маалыматтык контентти эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты. Минкаб төрагасы Euronews телеканалынын дүйнөлүк аудитория үчүн объективдүү жана тең салмактуу күн тартибин түзүүдөгү маанисин белгилеп, аны дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактарынын бири катары мүнөздөдү.
Ал белгилегендей, учурда Кыргызстан динамикалык башынан кечирип жатат. Өлкө аймактагы позициясын бекемдөөгө жана эл аралык коомчулук менен ачык, конструктивдүү диалог курууга умтулууда. Кыргыз тарап өлкөдөгү негизги процесстерди, анын ичинде ШКУнун жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга кызыкдар экенин билдирди.
Адылбек Касымалиев 2026-жыл өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 35 жыл толорун баса белгиледи. Бул тарыхый дата мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана улуттук өзгөчөлүктү өнүктүрүү жолун символдоштурат.
Өз кезегинде телеканалдын президенти Педро Варгас Давид жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин ырастап, канал Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга таанытуу үчүн глобалдык аянтча болууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүү ниетин ырасташты.