Кыргызстандын миграциялык саясаты: 2030-жылга чейинки максаттар жана реалдуулук

Коом Загрузка... 31 Март 2026 18:55
photo.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары эмгек миграциясы көптөгөн жарандар үчүн жашоо шартын жакшыртуунун маанилүү жолу болуп калды. Бирок, чет өлкөгө чыгып иштөөдө коопсуздук, укуктарды коргоо жана мыйзамдуулук маселелери өзгөчө мааниге ээ.

2025-жылы 170 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөгө иштегени кетсе, анын 15 пайызы гана ишке орноштуруу борбору жана жеке агенттиктердин жардамында жумуш менен камсыз болгон. Калган 85 пайызы өз алдынча кетип жатышкандыгын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирген.

Анын айтымында, өз алдынча өлкөдөн чыгып кеткен жарандар көп учурда оор турмуштук кырдаалдарга кабылып, эмгек эксплуатациясынын же адам сатуунун курмандыгы болуп калуулары мүмкүн.

“Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун жана жеке агенттиктердин жардамы менен өткөн жылы 25 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Атап айтканда, 5 миң 500 жаран борбор аркылуу, ал эми 19 миң 500 жаран мыйзамдуу иштеген жеке агенттиктер аркылуу кетишкен. Биз бул 25 миңге жакын миграцияда жүргөн жарандарыбызды мекенине кайтып келгенге чейин көзөмөлдөп турабыз”, - деди Эргешов.

Миграция өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизген олуттуу фактор болгондуктан, Кыргызстан коопсуз миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын кабыл алган. Бул миграция саясатынын объектиси чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттары, ал эми миграция саясатынын предмети алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо саналат.

Белгилей кетсек, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо алгач жаран бара турган өлкөнү туура тандоого, мыйзамдуу түрдө барууга жана барган жеринде эрежелерди сактоого милдеттүү.

Бүгүнкү күндө өлкөдө Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору жана дүйнөнүн 26 өлкөсүнө жөнөткөн 148 лицензиясы бар агенттик расмий түрдө жарандарды жумушка орноштуруп келет. Эгер жаран онлайн платформалардагы ишке орноштуруу компаниялары менен байланышса, алгач ошол агенттикти www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшерүүсү зарыл. Анткени, бардык мыйзамдуу, лицензия алган агенттиктер жана алар тууралуу маалыматтар аталган расмий сайтта жайгаштырылган.

Маалымдалгандай, учурда Кыргызстан Улуу Британия, Түштүк Корея, Россия жана Түркия өлкөлөрү менен жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүп, Япония жана Италия менен бул багытта иш алып барууда. Негизинен кыргызстандыктар Улуу Британияда айыл чарба, Түркияда туризм жана тейлөө тармагында иштешет. Россияда өндүрүш жана кампаларда иштөө үчүн жумушчулар талап кылынса, Түштүк Кореяда өнөр жай секторунда, ал эми Словакияда транспорт жана логистика тармагында бош иш орундары бар. Бирок, бул кызматтарды колдонбостон өткөн жылы 145 миңдей басымдуу сандагы жарандарыбыз өз алдынча чет өлкөлөргө иштөө үчүн чыгып кетишкен. Алардын канчасы мыйзамдуу иштеп, канчасы шылуундардын колуна түшкөнү белгисиз.

Жакында эле ИИМ жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштурууда бузууларды аныктагандыгын билдирди. Маалымдалгандай, “Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен Кыргызстандын тиешелүү уруксаты жок жарандарын аталган өлкөлөргө мыйзамсыз ишке орноштуруп келишкен.

Андан тышкары, шылуундар ар кандай ыкмаларды колдонушуп, келишимдерди жана ишке орноштуруу борборунун лицензияларын жасоо менен онлайн-алдамчылык кылып, жарандардын акчаларын котортуп алышкан. Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун маалыматы боюнча 2025-жылы 65 жабырлануучу чет өлкөгө, алдамчыларга 110 миң АКШ долларын которуп жиберишкен.

Жарандарды ишке орноштуруучу жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын аткаруучу директору Элдос Абдуласов Кыргызстандагы лицензиясы бар агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуунун коопсуздугун жана интернет шылуундарына алданган кооптуу учурлар тууралуу “Кабар” агенттигине айтып берди.

“Кыргызстанда азыркы учурда 100дөн ашык агенттиктер 27 мамлекетке жарандарды иштөө үчүн жөнөтө алат. Агенттик аркылуу кетүүдө сөзсүз түрдө кеңседе түзмө-түз жолугушуу менен келишим түзүлүп, ошонун негизинде жарандар ишке орношуп кетишет. Кийин иште кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса да, алар агенттиктин менеджерлери менен байланышып турушат. Мисалы, жумуштан которуу, айлык көтөрүү же үй-бүлөсүн ошол жака алып кетүү сыяктуу маселелерге жардам бере алабыз. Ошондуктан Кыргызстандагы лицензиясы бар агенттиктер аркылуу чет өлкөдө иштеп келүү коопсуз. Бирок, азыр көп адамдар интернеттеги жарнамарга, шылуундарга алданып, ири суммада каражаттарын которуп жиберишүүдө. Жарандар аларга ишенбестен түз эле агенттикке келүүлөрү зарыл. Алсак, биздин ассоциацияда жарандарды Европа өлкөлөрүнө жөнөткөн 40тан ашык компания бар”,- деди жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын өкүлү.

Ал ошондой эле Россияга баруу жеңил болгондуктан, жарандар өз алдынча көп кетишерин кошумчалады. Эгер чет өлкөгө иштегени кеткен жалпы жарандардын санынан Россияга кеткендерди алып койсок, позиция өзгөрөрүн маалымдады.

Мамлекет тарабынан коопсуз миграцияны камсыз кылуу үчүн саясат жүргүзүлүп, расмий борборлор жана агенттиктер иш алып барууда. Ошондуктан жарандар мыйзамдуу каналдарды тандап, текшерилген маалыматтарга гана ишенүү менен коопсуздукту биринчи орунга коюлары зарыл.