Кытай деңиздин тереңдигин изилдөөчү "жасалма арал" курат

Дүйнө Загрузка... 30 Март 2026 09:00
17201630-b3b4-467b-be1e-2461042cb4df.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.03.26 /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында ири илимий-технологиялык долбоор ишке кирди. Анын алкагында ар кандай аба ырайында иштей алган, деңизди тереңден изилдөөгө арналган уникалдуу “жасалма калкыма арал” курулууда. Бул тууралуу Kazinform билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ачык деңиздеги калкыма арал” деп аталган бул объект дүйнөдөгү эң чоң деңиз илимий платформасы болуп саналат. Ал деңиз техникасы, ресурстар жана илим тармактарында кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

Комплекс платформа, кеме-лабораториялар жана жээктеги колдоо инфраструктурасы деген үч негизги бөлүктөн турат.

Башкы платформа жарым-жартылай сууга батып турган эки корпустуу инновациялык конструкция менен жасалган. Мындай түзүлүш жүздөгөн тонна салмактагы терең деңиз жабдууларын сыноого жана 10 миң метрге чейинки тереңдикте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоорду 2030-жылга чейин толук бүтүрүү пландалууда. Андан кийин бул жер деңиздин тереңинен пайдалуу кендерди алуу, жаңы техникаларды сыноо жана мунай-газ тармагын өнүктүрүү үчүн колдонулат.

Мындан тышкары, долбоор деңиз ресурстарын өздөштүрүүнү ылдамдатууга, деңиз экосистемаларынын сезондук өзгөрүүлөрүн изилдөөгө, жашоонун келип чыгышын түшүнүүгө жана тайфундарды так божомолдоого көмөктөшөт. Бул өз кезегинде табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтууга жардам берет.

Долбоорду Цзяо Тун Шанхай университети ишке ашырууда. Университет буга чейин деңизди тереңден изилдөө илими жана инженериясы боюнча атайын институт түзгөн.