Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Кытай гуманоиддик роботтор жана физикалык жасалма интеллект тармагын жөнгө салуучу алгачкы улуттук стандарттар системасын расмий кабыл алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган документ роботторду иштеп чыгуу, өндүрүү жана колдонуу процесстеринин бардык этаптарын камтыйт.
Аталган стандарттар алты негизги багыттан турат:
- Базалык универсалдуулук;
- Интеллектуалдык эсептөөлөр;
- Кыймыл бөлүктөрү жана компоненттери;
- Машиналар жана системалар;
- Колдонуу чөйрөсү;
- Коопсуздук жана этика.
Документ 120дан ашык илимий мекеме, технологиялык компания жана тармактык эксперттер менен биргелешип даярдалган. Анда роботтун "мээси" үчүн маалыматтарды чогултуу, сактоо, моделдерди окутуу жана ишке киргизүү тартиби, ошондой эле ар кандай тармактарда тейлөө эрежелери менен этикалык талаптар деталдуу жазылган.
Бул чечим 2025-жылы Кытайда гуманоиддик роботтор тармагы тез өсүш көрсөткөндөн кийин кабыл алынды. Өткөн жылы өлкөдө 140тан ашык өндүрүүчү роботтордун 330дан ашуун моделин массалык түрдө чыгарган. Кытай бийлиги бул багытты стратегиялык тармак катары карап, узак мөөнөттүү пландарды ишке ашырууну көздөйт.
Адистердин пикиринде, жаңы стандарттар тармактын иреттүү өнүгүүсүнө багыт берип, коопсуз жана сапаттуу өндүрүштү камсыз кылат.