Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы косметика каражаттарынын импортун жана экспортун көзөмөлдөө боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, киргизилген чаралар керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоону күчөтүүгө багытталган.
Башкы бажы башкармалыгынын өкүлү Ли Цзинсун белгилегендей, жаңыртылган эрежелер бүтүндөй тармактык чынжырды башынан аягына чейин көзөмөлдөөнү камсыздай турганын жана чек ара аркылуу өтүүчү бизнес үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрөт. Документ 2026-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.
Адистердин айтымында, эрежелер декларациялоо жана текшерүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Текшерүү пункттарында текшерүүдөн өтпөгөн товарлар милдеттүү түрдө жеткирүүчүгө кайтарылууга же белгиленген жол-жоболорго ылайык жок кылынууга тийиш.
Косметика тармагы Кытайдын тышкы соодасынын стратегиялык жактан маанилүү бөлүгүнө айланды жана туруктуу өсүштү көрсөтүүнү улантууда. 2025-жылы өлкөдө косметика каражаттарын жүгүртүү 171,61 млрд юанга (болжол менен 25,06 млрд доллар) жеткен, бул мурунку жылга салыштырмалуу 2,7% га көп.