Кытайда чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо башталды – ТИМ

Коом Загрузка... 25 Март 2026 09:15
3353959_KrKnjaa_6Vz_urcbbww.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 20-марттан тартып Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында ишке ашырылууда. Келечекте бул практиканы өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландалууда.

Кытайдын мыйзамдарына ылайык, мейманканаларда жашаган чет өлкөлүк жарандар мейманкананын администрациясы тарабынан катталууга тийиш, андан кийин маалыматтар коомдук коопсуздук органдарына берилет. Эгерде мейманканадан тышкары жерде жашаса, чет өлкөлүк жаран же кабыл алуучу тарап 24 сааттын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Белгиленгендей, жарандар каттоону онлайн форматта Кытайдын миграция кызматынын 移民局 12367 мобилдик колдонмосу аркылуу, ошондой эле WeChat жана Alipay системаларындагы мини-программалар аркылуу жүргүзүүгө болот. Мында коомдук коопсуздук органдарына жеке кайрылуу аркылуу маалыматтарды салттуу тартипте берүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Онлайн каттоо жеке кайрылуу аркылуу жүргүзүлгөн каттоо менен тең укуктук күчкө ээ.

Тышкы саясий ведомство Кытайдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жашаган жерин каттоо боюнча белгиленген талаптарды кылдаттык менен сактоону сунуштайт.

Суроолор же кыйынчылыктар пайда болгон учурда, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ыкчам байланыш телефонуна кайрылуу зарыл: 13001904346; +996 508 888 213 (WhatsApp).