Кытайда ар 30 мүнөт сайын жаңы робот чыгара турган завод ачылды

Дүйнө Загрузка... 08 Апрель 2026 09:18
WhatsApp Image 2026-04-07 at 18.20.46.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында адам сымал роботторду чыгарган биринчи толук автоматташтырылган завод иштей баштады. Бул тууралуу Kazinform маалымдады.

Анда белгиленгендей, долбоор Guangdong Dongfang Precision жана Leju Robotics компаниялары тарабынан ишке ашырылып, өндүрүштү сыноо стадиясынан толук заводдук деңгээлге чейин өткөрүүгө багытталган. Жаңы линиянын жардамы менен ишкана ар 30 мүнөт сайын бирден гуманоид робот чыгара алат. Жылдык өндүрүш көлөмү 10 миңден ашуун даананы түзөт.

Өндүрүш процесси 92% автоматташтырылган жана 20дан ашык заманбап технологияны, анын ичинде компьютердик көрүү системаларын камтыйт. Тетиктерди чогултуу учурундагы тактык 0,02 ммге чейин жетип, сапаттын жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Бул долбоор Гуандун провинциясын робот техникасынын маанилүү борбору катары өнүктүрүүдө. 2025-жылы Фошань шаарында өндүрүлгөн роботтордун саны 29,6%га өсүп, 46 миңге жеткен.