Кызыл-Кыяда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты пайдаланууга даяр

Аймак Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жаңы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп бүтүп, пайдаланууга даярдалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Объект Баткенди өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 8,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2,1 млн сом бөлүнүп, жалпы 10 млн сомдон ашык каражатка каржыланды.

Имарат заманбап талаптарга ылайык тургузулуп, жылытуу, таза суу жана саркынды суу тутумдары толук тартылды, айланасы көрктөндүрүлдү.

Бүгүн президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун сапатын жеринен текшерди. Жаңы медициналык борбор шаар тургундарына көрсөтүлүүчү дарылоо кызматтарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.