Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Өлкөдө билим берүү тутумун трансформациялоонун алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин катарына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 мектеп кирди.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, учурда бул окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө.
Мектептин директору Инабад Парпиеванын айтымында, бүгүнкү күндө имараттын фасады, жыйындар залы жана санитардык түйүндөрү жаңыланып, терезелери алмаштырылууда. Өзгөчө көңүл STEM, информатика жана эмгек кабинеттерин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө бурулган.
Оңдоо иштери аяктаган соң Агартуу министрлиги тарабынан мектепке заманбап эмеректер, лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдыктар берилип, заманбап кванториум (инновациялык илимий-техникалык аянтча) түзүлөт.
Белгилей кетсек, республика боюнча тандалган 53 инновациялык мектептин айланасында 220 мектептен турган кластерлер түзүлүп, өлкөдө бирдиктүү заманбап билим берүү экосистемасы калыптандырылууда.