Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Ливиянын Улуттук мунай корпорациясы өлкөнүн түштүк-батышындагы Гадамес бассейнинде жаңы мунай жана газ кени табылганын жарыялады, деп билдирет Казинформ.
Маалыматка ылайык, скважина 8440 фут тереңдикке чейин бургуланган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кенден күнүнө болжол менен 13 млн куб фут газ жана 327 баррель мунай өндүрүлөт.
Гадамес бассейни Ливия, Алжир жана Тунис чек ара аймагында, Триполиден болжол менен 600–620 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Ал ири запастарынан улам Түндүк Африкадагы эң ири мунай жана газ аймактарынын бири деп эсептелет.
Мунай жана газ экспорту Ливиянын негизги киреше булагы бойдон калууда.