Маматалиев Ысык-Көлдөгү социалдык мекемелердин абалы менен таанышууда

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Апрель 2026 09:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар тобу Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Төрага аймактагы социалдык мекемелердин курулушу, экологиялык долбоорлор жана ирригациялык тутумдардын абалы менен таанышты.

Ал алгач Чолпон-Ата шаарында курулуп жаткан 100 орундуу жаңы оорукананын курулушун көрдү. Белгилүү болгондой, аталган курулушка бюджеттен 230 млн сом каралганына карабай, каржылоонун кечеңдешинен улам учурда жумуш токтоп турат.

Төрага тиешелүү органдарга байланышып, каражатты тез арада бөлүүнү талап кылды. Ошондой эле жабдуулар үчүн кошумча 20 млн сом бөлүнмөй болду.

Андан кийин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо максатында Чолпон-Ата, Бостери жана Кара-Ойду бириктирген жаңы саркынды сууларды тазалоочу тутумдун долбоорун көрдү. Курулуш иштерин кийинки туристтик сезонго чейин бүткөрүү тапшырылды.

Кара-Ойдогу суу сактагычты кеңейтүү жана Айыл чарба министрлигинин балансына өткөрүү боюнча тапшырма берилди. Бул кургакчылыктын алдын алуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Ошондой эле Ананьево айылындагы 1974-жылдан бери оңдолбогон мектеп жана авариялык абалдагы "Солнышко" бала бакчасынын абалы курч бойдон калып жатканы маалымдалды. Мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү жана бала бакчаны кайра куруу тапшырмасы берилди. Жогорку Кеңештин фондунан 3 класс үчүн заманбап окуу жабдуулары бөлүнөрү айтылды.

"Аймактардын өнүгүшү өлкөнүн өнүгүшү. Ар бир көтөрүлгөн маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деди төрага.

Белгилей кетсек, төраганы Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар депутаттар коштоп жүрөт. Иш сапар бүгүн Түп жана Ак-Суу райондорунда уланат.