Кытай лидеринин "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" китеби кыргыз тилине которулду

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.19.33.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Темирдей бекем тартип, көрөгөч саясат жана коюлган максаттардын так, ыкчам ишке ашырылышы. Бишкекте Кытайдын президенти "Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндө" монографиясынын үчүнчү тому кыргыз тилинде жарык көрдү.

Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын саясий-коомдук чөйрөлөрүнөн келген 300дөй өкүлдөрдүн катышуусунда китептин бешинчи томунун бет ачары жана талкуусу өттү. Бул саамалык Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммитинин алдындагы маанилүү окуя болуп саналат.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.19.32

Кытайдын учурдагы президентинин мамлекеттик башкаруу туурасындагы китебинин томдуктары 2014-жылдан бери жарык көрүп келет. Аларда Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин ар кыл жылдардагы саясий чечимдери, ой толгоолору, каттары, баяндары хронологиялык тартипте орун алган. Учурда дүйнөдө заманбап саясий публицистикасынын эң окумдуу адабиятына айланып, миллиондогон нускада басылууда. Анткени бул монографияларда Кытай көрсөтүп жаткан экономикалык кереметтердин Жол картасы, мамлекеттик, ички жана тышкы саясаттагы жетекчиликтин негизги багыттары орун алган.

WhatsApp Image 2026-07-06 at 17.40.25
"Чындыгында Кытай таанылгыстай болуп өзгөрдү. Артта калган, алсыз өлкөдөн улуу кереметти, тез экономикалык өсүштү жаратып дүйнөнүн экинчи экономикасына айланды. Бул китеп Кытайдын ички жана тышкы саясатын түшүнүү үчүн эл аралык коомчулукка абройлуу булак болуп берет. Акыркы жылдары Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мырзалардын төрагалыгы алдында мамилелер жаңы бийиктиктерге чыкты. Кытай Кыргызстандын ири өнөктөшү, башкы инвестициялык булагы. 2025-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 27 миллиарддан ашты", — деди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытайдын ийгиликтүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтат. Өзү да Си Цзиньпиндин томдуктарын англис, орус жана кыргыз тилдеринде окуп түшүнүүгө аракет кылып, бир катар жыйынтыктарга келген.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.09.31
"Си Цзиньпиндин эмгектеринде Кытай цивилизациясы жөнүндө көп ой толгоолор бар. Алардын биринде коңшу калк азыркы заманда кайра жаралуунун улуу доорун баштан кечирип жатканы айтылат. Ага бүгүнкү Кытайдагы жетишкендиктер күбө. Эмгек Кыргызстандын Кытай жана дүйнө менен болгон мамилелерин тереңирек түшүнүүгө көмөктөшөт жана гүлдөп-өнүгүү үчүн практикалык кызматташуу аркылуу цивилизациялардын өз ара байышына дем берет", — деди Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев.

Китеп дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнүн китеп дүкөндөрүнөн орун алган. Кыргыз тилине буга чейин эки тому которулган. Үчүнчүсү Абибилла Пазылов, Эмил Каптагаев жана Эсенбай Нурушевдер тарабынан кыргызчаланып, коомчулукка сунушталды. Китепте 2017–2020-жылдар арасында Си Цзиньпиндин сүйлөгөн сөздөрү, сүйлөшүүлөрү, көрсөтмөлөрү жана каттары камтылган 92 макала бар. Котормочулардын бири, адабиятчы Абибилла Пазылов азыркы Кытай кереметинин сырлары көп факторлордун жыйынтыгы экенин айтат.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.10.29
"Кытайдын экономикасынын азыркыдай өсүшүнө биринчи кезекте жетекчилердин көрөгөчтүгү таасир берген. Булардын башында Кытай Коммунисттик партиясы турат. Си Цзиньпин өзү Кытай компартиясынын башчысы. Экинчиден, жалпы элдин ынтымагы, алардын кытай кыялынын тегерегинде биригүүсү. Кытай кыялы — бакубат, бардар жашоону куруу, элдин теңчилигин сактоо. Ошондой эле алар айланада болуп жаткан жаңылыктардан, техника, технологиялык өнүгүүлөрдөн артта калбай үйрөнүп, колдонуу жагынан алдыда. Мына ушул жол менен бара жатышат. Дагы бир фактор, Кытай өзү жактагы элди тагдырлаш деп эсептейт. Силерде жакшы болсо, бизде андан да жакшы болот деп, Си Цзиньпиндин айтканы бар. Тегерегиндегилердин да бакубаттыгын тилөө, алар менен чогуу аракеттенүү ниеттери, Мао Цзэдундун, Дэн Сяопиндин учурундагы кайра куруулары учурда жемишин берип жатат", — деди адабиятчы Абибилла Пазылов.

Кытайдын басмасынан келген өкүлдөр кийинки томдуктарды да кыргызчалатуу ниетин билдиришкен. Ал эми биздин котормочуларга эки элдин ортосундагы көпүрөнү түзө алган интеллектуалдык дипломатиянын өкүлдөрү деген баа берилди. Эки тарап алдыда саясий эле эмес, адабий, фольклордук адабияттарды которуу боюнча пикир алышышты.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.19.34