Мамлекеттик катчы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачарына катышты

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 14 Июль 2026 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" аттуу китебинин бет ачар аземине катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Арслан Койчиев аталган эмгек заманбап мамлекеттик башкаруу, реформаларды ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтык маселелерин камтыган маанилүү басылма экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса көрсөттү.

Мамлекеттик катчы ошондой эле мамлекеттик башкаруу, илимий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн өз ара түшүнүшүүсүн бекемдей турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Арслан Койчиев китептин алгачкы үч тому кыргыз тилине которулганын, төртүнчү томдун котормосу аяктоо алдында экенин маалымдады. Ал келечекте бешинчи томдун кыргыз тилине которулушу маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.