Мамлекеттик милдет жана тартип: Улан Маматканов өз пландарын ачыктады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Апрель 2026 12:10
290732492_111309699.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин комитетинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына талапкерлиги жактырылган Улан Маматканов өз ишин эмнеден баштарын эл өкүлдөрүнө маалымдады.

Анын айтымында, негизги иш 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында болмокчу.

Мында ал негизги стратегиялык багыт катары билим берүү, саламаттык сактоо, санариптик трансформация багытында бир катар иштер аткарыла тургандыгына токтолду.

“Мен системдүү иштин тарапкеримин. Бул тармакты жеңил же формалдуу багыт катары эмес, өтө терең жоопкерчилик талап кылган мамлекеттик милдет катары кабыл алам”,- деди ал.