Мамыржан Рахимов: Баткенге чет элдик инвесторлордун агымы көбөйдү

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 10:25
491732311_3543497559292695_8466315660755382315_n.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Акыркы учурда Кыргызстанга, анын ичинде Баткен облусуна чет элдик инвесторлордун агымы өстү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов облустун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып жатып билдирди.

Өкүлдүн айтымында, учурда аймакта бир нече ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга даярдык көрүлүүдө.

"Баткендин гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири болгондуктан, чет элдик компаниялар бул багытка өзгөчө кызыгуу көрсөтүүдө. Учурда облус аймагында Кытайдын үч ири компаниясы күн электр станцияларын куруу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле күн энергетикасын өнүктүрүү үчүн дагы 600 жана 800 гектарлык эки жер тилкеси трансформацияланып, Мамлекеттик "Жашыл энергетика фондуна" өткөрүлүп берилди. Жакынкы күндөрү бул жерлер боюнча инвесторлор арасында сынак жарыяланат", - деди ал.

Мындан тышкары, Рахимов "Охна" чакан ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Энергетикадан сырткары, облустун шаарларында ири социалдык-экономикалык долбоорлор колго алынууда.

"Кирешелүү долбоорлорду Кызыл-Кыя шаарынан баштадык. Ал жерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында 11 гектар жерге заманбап базардын курулушу алдында турабыз. Ошондой эле анын жанындагы 60 гектар аянтка жаңы кичи район курууну көздөгөн инвесторлор бар. Бул жумуштарды жакын арада баштайбыз", - деди Рахимов.

Аны менен катар Раззаков шаарында базардын айланасындагы жол тыгыны маселесин чечүү максатында, шаарга кире бериш жерде 11 гектар жерге жаңы базар куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда облус башчысы тарабынан тиешелүү жетекчилерге бул багытта кечиктирилгис тапшырмалар берилген.