“Манас” аэропорту жаңыланууда: Терминал 20 миң чарчы метрге чейин кеңеет

Коом Загрузка... 26 Март 2026 15:42

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин терминал 20 миң чарчы метрге чейин кеңеет. Муну менен аэропорттун кубаттуулугу үч эсеге жогорулайт.

Жаңыртылган комплекс ыңгайлуулук, технологиялык жана стилдик жактан заманбап стандарттарга жооп берет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө 650 орундуу жаңы жабык унаа токтотуучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Ал терминал менен туташтырылат, бул жүргүнчүлөрдүн кайсы гана жыл мезгили болбосун ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыз кылат.