Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. “Манас” аэропорту тарапка барчу альтернативдүү жолдун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев төрт тилкелүү жолду куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бул тилкенин узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Ошондой эле тротуарлар, сугат системасы жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Калаа башчысы подряддык уюмдарга иштердин темпин тездетүүнү, эки нөөмөттүү иш режимин уюштурууну жана курулуш аянтчасында коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылууну тапшырды.