Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон Манас эпосу жаңы тилде жаңырып, окурмандарга жол тартат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, улуу үчилтик — "Манас", "Семетей", "Сейтек" — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.
Китептин салтанаттуу бет ачары 20-апрелде Кыргыз улуттук "Манас" театрында өтөт.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө.