Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Рейд учурунда Манас шаарындагы “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, базардын унаа токтотуучу жайынан жалпы суммасы болжол менен 133 миң сомду түзгөн 1 миң 110 даана тамеки кутусу табылган. Продукцияда акциздик маркалар жана тиешелүү коштомо документтер болгон эмес.
Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.