Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Манас шаарында шаардык инфраструктураны санариптештирүүгө багытталган Smart Pole (акылдуу мамы) технологиясын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар мэри Уларбек Исмаилов “PROJECT VISION AI” компаниясынын өкүлдөрү Кеннет Парк жана Ли Тэ Ёң менен жолугуп, Smart Pole долбоорунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентацияга катышты.
Жолугушууда жасалма интеллектке негизделген системанын иштөө принциптери, шаардык инфраструктураны модернизациялоодогу ролу жана тургундардын коопсуздугун жогорулатуудагы артыкчылыктары талкууланды.

Smart Pole – бул бир эле мамыга көчө жарыгы, видеокамералар жана башка заманбап технологиялар орнотулган система. Мындай технология шаардык башкаруунун натыйжалуулугун арттырып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.