Марат Тагаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 11 Май 2026 12:40
6.jpg
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.

Тагаев буга чейин маданият министринин орун басарлыгын аркалап келген.