Мамлекеттин коопсуздугун, чек арасын жана аймактык бүтүндүгүн күнү-түнү дебей кайтарууда чек ара кызматкерлеринин орду баа жеткис. Кирпик какпай чек арада өз милдетин аткарып жаткан чек арачыларга акыркы беш жылдын ичинде өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик чек ара кызматын керектүү техника, кызматтык үйлөр менен камсыздоо колго алынды. Ошондой эле чек арачылардын эмгек акысы бир кыйла жогорулатылды. Бул ирет “Кабар” агенттиги өлкөнүн чек арасын коргоодо кызмат өтөп жаткан чек арачыларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерди азын-оолак айтып берет.
Чептен эрдин күчү бек
Кыргызстандын чек арасында күзөттө турган кызматкерлердин арасында Мухаммед-Али Жакыпов да бар. Чек арачы 26 жылдан бери Баткендеги “Капчыгай” чек ара заставасында эмгектенет.
Ал алгач аскердик кызматын өтөөгө барып, андан соң Мамлекеттик чек ара кызматында иштөө чечимин кабыл алганын айтат.

“Мен 2000-жылы аскерге кызмат өтөөгө чакырылгам. Ар бир мекен коргоочусундай эле мен дагы чек араны кайтаруу үчүн өз милдетимди өтөп, келишимдин негизинде мамлекетке кызмат кылууну улантып кеттим. Бүгүнкү күндө Баткендеги “Капчыгай” чек ара заставасында иштеп жатам. Кызматкерлердин иштөөсү үчүн мамлекет тарабынан бардык шарттар каралган”, - дейт чек арачы.
Мухаммед-Али Жакыпов учурда үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы. Жубайы да Мамлекеттик чек ара кызматында эмгектенип келет.
Чек арачынын айтымында, акыркы жылдары айлык маяналары кыйла жогорулады. Эмгек акысы үй-бүлө үчүн жетиштүү.
“Мен жаңыдан келишимдин негизинде иштеп баштаганда айлыгым аябай аз болчу. Жылдан-жылга эмгек акыбыз көбөйүп, азыр 103 миң сом алам. Жубайым Чек ара кызматында ашпозчу болуп иштеп жатат. Анын айлыгы 80-90 миңдин тегерегинде. Бул каражат биздин үй-бүлөнүн муктаждыктарына кенен жетет. Мамлекет тарабынан бизге көңүл бурулуп, жакшы шарттар түзүлүп жатат”, - деди чек арачы.
Мамлекет чек ара кызматкерлерине тийиштүү деңгээлде шарттарды түзүп берсе, өлкө чек арасынын ишенимдүү кайтарылышына түздөн-түз таасир этет. Мындан улам мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди социалдык жактан колдоо түп-тамырынан өзгөрдү. 2021-жылдан тарта айлык акылары кескин түрдө жогорулаган.

Чек арачылар жашаган кызматтык үйлөрдүн ордуна жаңылары салынууда. Заман талабына ылайык ыңгайлуу шарттар менен камсыздалышы аскер кызматкерлеринин ишин улантышына таасирин тийгизбей койбойт. Анткени ар бир кызматкер үй-бүлөсүнүн курсагы ток, жашаган үйү жылуу болсо, көңүлү ток болуп, өлкөсүнө кызмат өтөйт.

Кызматтык үйлөргө улай эле чек арачылардын балдары үчүн жаңы бала бакчалар курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Азыр да пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери жүрүп жаткандары да арбын.

Сөз кур болбошу үчүн айтсак, "Менин үйүм" турак жай программасынын алкагында Бишкек шаарындагы "Мурас" турак жай комплексинен 70тен ашык чек арачы батирлүү болгон.
Маалыматка караганда, акыркы беш жыл аралыгында 570тен ашык чек арачы жаңы батирлерди алышты.

Чек ара инфраструктурасын жакшыртууга негизги каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүүдө. Чек ара кызматы үчүн ондогон объекттер тургузулуп, дагы бир катар имараттардын курулушу жүрүп жатат.

Ошондой эле заманбап техника: учкучсуз авиациялык комплекстер, байкоо жана чалгындоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорттор жана байланыш жабдыктары сатып алынды. Бүгүн чек арачылар заманбап технологияны өздөштүрүп, өлкөнү бардык учурда коргоого даяр экенин далилдеп жатат. Муну менен өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү олуттуу чыңдалып, аскер бөлүктөрдүн ыкчамдыгы артууда.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү ар кандай жаңы чакырыктар менен коркунучтарга туш болуп жаткан олку-солку мезгилде чек ара кызматынын ролу жогорулоодо. Буга байланыштуу чек арачылар эл аралык деңгээлде кесипкөйлүк, чыдамкайлык жана эрктүүлүктү көрсөтүп жатат. Муну биргелешкен машыгууларга катышуудагы жыйынтыктар далилдейт.
Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы Абдыгул Чотбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап техникалар менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүүдө.

“Чек ара кызматкерлери мамлекеттин чек арасын коргоого өз милдетин татыктуу аткарууга жан үрөп иштеп келет. Аларга мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Биринчиден, чек арачылардын эмгек акысы акыркы жылдары көбөйтүлдү. Кызматтык батирлер берилип жатат. Экинчиден, облустарда чек ара заставаларынын басымдуу бөлүгү реконструкцияланып, айрым жерлерде жаңы имараттар салынууда. Чек арачылар жаңы техникалар, курал-жарактар менен камсыздалууда. Ошондой эле алар кесиптик билимин жогорулатуучу окуулардан өткөрүлүүдө. Биздин мекенибиздин чек арасында турган чек арачыларыбызга мамлекет колдон келишинче бардык күч-аракетин жумшап жатат. Анткени, өлкө коопсуздугун камсыз кылууда жана аймактык бүтүндүгүн коргоодо алардын эмгеги зор. Айлык маяна, түзүлгөн шарттардан кийин мекенге кызмат кылууну самаган жигиттерибиз көбөйдү. Алар чек арачылардын катарын толуктап жатканы кубандырат”, - деди Абдыгул Чотбаев.
Өлкөдөгү чек ара бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо улуттук коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышып, мамлекеттик чек арада кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аталган заставада өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыздоочу жана коммуналдык инфраструктура объекттери кирет.

Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселелерге көңүл бурду. Анда мамлекет башчысы чек арачынын ашпозчу болуп иштеген жубайы менен маектешкенде, жолдошу экөөнүн айлыгы 190 миңге жетерин, бул үй-бүлө үчүн чоң колдоо экенин айтты.
Президент мамлекеттин чек арасын көздүн карегиндей сактап жаткан кызматкерлерге колдоо мындан ары да улантыларын белгиледи.