Мектептеги зомбулук – үй-бүлөдөгү тарбия жетишсиздигинен келип чыккан көйгөй

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 18:12
2499f105779886eb2854089ebcfd1822.730x0.jpg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Билим берүү системасында окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле өзгөчө мааниге ээ. Баланын дүйнө таанымы, жүрүм-туруму, коомго болгон көз карашы үй-бүлөдөн тышкары мектеп чөйрөсүндө калыптанат. Мугалим, окуучу жана ата-эненин ортосундагы туура, ишенимдүү жана урмат-сыйга негизделген мамиле тарбиянын негизин түзмөкчү.

Тилекке каршы, Бишкек шаарындагы №83 мектептин окуучусунун мугалимге кол көтөргөн фактысы коомчулуктун үрөйүн учуруп, тынчсыздануусун жаратты. Бул көрүнүш мугалим менен окуучунун гана эмес, ата-эненин да укук, милдеттерин талдоону талап кылды.

Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбековдун айтымында, окуучу тарабынан мугалимдин сабалышы – бул коомдогу үрөй учурган одоно көрүнүш жана трагедия. Мындай окуялар көбүнчө баладагы эмоцияны башкаруу жөндөмүнүн жана үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгышы мүмкүн.

"Бул окуя коомдун бир бутагы: окуучу, мугалим, ата-эне болуп өз-өзүнчө бөлүнүп калгандыгынан кабар берет. Ушуларды бириктирген татыктуу бир деңгээлде иш жүрбөй жатат дегенди түшүндүрөт. Негизи өспүрүмдөрдүн тарбиясын жөнгө салуу үчүн коом биригиши керек. Канча иштер аткарылбасын, мындай көрүнүштөр ата-энелердин кайдыгер кароосунан келип чыгууда. Себеби балдар үйдөн эмнени көрсө, көчөдөн ошону жасайт. Билим берүү менен тарбияны бөлүп кароого болбойт. Бирок үйдөгү ата-эненин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Үй-бүлө — тарбия берүүнүн негизги институту экенин коомго жеткиришибиз керек”, - деди Эркимбеков.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жабыркаган мугалим менен окуучу ооруканада экендигин жана мугалимдин абалы күндөн-күнгө жакшырып жатканын министрликтин өкүлү маалымдады. Ал эми окуучунун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тараптар учурда ооруканада дарыланып, окуучу бала ата-энесинин колуна тапшырылуу менен тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова "Элден собол" берүүсүндө билдирди.

"Балдар арасындагы кылмыш, укук бузуулар сыяктуу терс көрүнүштөрдүн бардыгы чоңдордун коомдогу кайдыгер мамилесинен жаралып жатат десем жаңылышпайм. Буга чейин да мугалимдин балдарга кол көтөргөн учурлары катталган. Ушул жерде үй-бүлөдөгү тарбия эң биринчи орунда турушу керек. Баланын мугалимге, ошол эле учурда чоң атасындай болгон адамга кол көтөрүүсү — бул чынында акылга сыйбаган нерсе. Азыркы учурда териштирүүлөр жүрүп жатат, жыйынтыгында чечим кабыл алынат. Аталган 280-берене боюнча 180 миңден 220 миңге чейин айып пул же 2 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн”,- деди Адылова.

Агартуу министрлиги тарабынан өткөн жылы жүргүзүлгөн зомбулуктун алдын алуу боюнча изилдөөсүнө токтолсок, балдар арасында зомбулуктун 3 түрү биринчи орунга чыккан.

  • психологиялык зомбулук;
  • физикалык зомбулук;
  • кибербуллинг.

Мында физикалык зомбулуктан да психологиялык зомбулук татаал жана узак мөөнөткө созулуп, жыйынтыгы өкүнүчтүү окуялар менен аяктары аныкталган. Бул жагдайда балдардын психологиялык зомбулукка кабылышына интернеттин тийгизген терс таасири чоң экендиги белгиленген. Ата-эне баланын социалдык тармактардан эмне көрүп жатканын, ким менен сүйлөшүп жатканын көзөмөлдөп, бир кадам алдыда турушу сунушталат.

Педагог, эксперт Дүйшөн Батырбеков мугалимди кордогон окуучулардын тартибине биринчи кезекте ата-эне жоопкерчиликтүү экендигин жергиликтүү радиолордун бирине билдирген.

""Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей, мурдагыдай "окубайсың" деп какыс-кукус кылып коюу азыркы окуучуларга таптакыр туура келбей калды. Демек, мугалим да кимди окутуп жатканын, кимдердин балдарын окутуп жатканын байкап, ошого жараша өзгөрүшү керек. Азыркы балдар 20-30 жыл мурдагы балдардай болбогондуктан, учурда мугалим болуп иштөө өтө оор. Коомчулук муну абдан жакшы түшүнүшү керек. Мугалимди кордогон окуучулардын тартибине ата-эне жоопкерчиликтүү болушу зарыл. Бирок бизде ата-энелердин жоопкерчилиги жок. Мугалимди жазалоо, сөгүш берүү оңой, бирок ата-эненин, окуучунун жоопкерчилиги кайда? Ошондуктан каалаган ата-эне, каалаган окуучу мугалимди кордоп кетишүүдө. Коомубуз жакшы, келечек муундарыбыз тартиптүү болсун десек, бала менен ата-эненин жоопкерчилигин көтөрүү керек. Мугалимге караганда балага жакшы тарбия берүүгө биринчи ата-эне милдеттүү”,- деди эксперт.

ИИМдин өкүлү Нуржан Адылова балдарга үй-бүлөдөгү тарбиянын, көңүл буруп баарлашуунун жетишсиздигинен мектептердеги айрым көрүнүштөр гана эмес, өлкөдө жалпы өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны өсүп жаткандыгын өз сөзүндө белгиледи.

Эскерте кетсек, 2024-жылга салыштырганда 2025-жылы өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 10,6 пайызга өскөн. Мисалы, 2024-жылы 1 миң 640 учур катталса, 2025-жылы 1 миң 800дөн ашык кылмыш катталган. Бул 1 миң 800 кылмыштын 70-80 пайызы мүлккө карата уурулук кылмыш фактылары болуп саналат.