Менин максатым Олимпиада чемпионун чыгаруу – жаш машыктыруучу менен маек

Маек Загрузка... 22 Февраль 2025 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

27 жаштагы Калыс Канатов учурда Чолпон-Ата менен Бишкекте балдарды эркин күрөш боюнча машыктырып келет. Бүгүнкү күндө балбандары бир катар мелдештерде катышып, жеңишке жетишүүдө. Биз балдардын спортко болгон кызыгуусуна дем-күч берген машыктыруучуну кепке тарттык.

- Балдарды канча жылдан бери машыктырып келесиз?

- Балдарды 2 жылдан бери машыктырып келем. Эркин күрөш олимпиадалык оюндарга киргендиктен окуучуларымды көп мелдештерге катыштырып, ийгиликтерди бирге багынтууга аракет көрүп келебиз. Мен мектепте окуп жүргөн кезимен эле спортко кызыкчумун. Жогорку билим алүү үчүн Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшыргам. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 3-курска чейин окуп калгам, эми кайра окуумду улантам. Мага балдар менен иштеген жагат, өзүм ата-эне мээримин көрбөй чоңоюп, спортко болгон кыялым ишке ашпай калган. Ысык-Көл районунда машыктыруучу да жок болчу. Ошол себептен машыктыруучу болууну чечкем. Азыр балдарды Чолпон-Ата шаарында машыктырабыз. Ошондой эле Бишкектен да залды ижарага алып, окуучум экөөбүз иштейбиз. Машыгууга келген балдардын жаштары 7ден 25ке чейин. Айына миң сомдон төлөшөт. Ата-энеси жок балдар, таене, таятасы, чоң ата, чоң апалары менен жашап жаткан балдар акысыз машыгат.

- Окуучуларыныз мелдештерге катышып, кандай ийгиликтерге жетишти?

- Ооба, окуучуларымдын ийгиликтери өтө жакшы. Россия, Түркия, Украинадагы турнирлерге катыштык, Кыргызстандын ичиндеги мелдештерге да катышып турабыз.

- Азыр кайсы мелдешке катышып жүрөсүздөр?

- Учурда биз Бувайсар Сайтиевге арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышканы даярданып, билеттерди сатып алганбыз. Мелдеш 1-2-мартка жылып калгандыктан, убактыбыз созулуп калды. Буга чейин Грозныйда өткөн турнирге катыштык. 3 балабыздын ичинен бирөөсү чемпион болду. Ошондой эле республикалык мелдеште күч сынашып, ал жактан да бир балабыз алтын утту. Махачкаладагы турнирде экинчи орунду жеңдик. Мартта Владикавказда боло турган KINGDOM 9 мелдешин күтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө 8 жана 9 жаштагы балдар мелдешке даярданып, Дагестанда окуу-машыгуу жыйынына катышууда.

- Социалдык тармакта чыккан видеодогу Айданбек тууралуу айтсаныз? Кыргызстандыктар анын атаандашын жеңгенин көрүп, мактап жатышат.

- Сүйүналиев Айданбек азыр 8 жашта. Ал азыр турнирлерге катышып чемпион болуп баштады. Эки мелдештен алтын утту, дагы бирөөсүндө 2-орунду алды. Жакшы машыгып уланта берсе, келечекте Кыргызстанга Олимпиададан алтын алып келе турган балдарыбыздын бири.

- Спорт менен машыгуу балдарга кандай таасирин тийгизет?

- Машыктыруучусун туура тандап, машыктырса баары жакшы болот. Спорт балдарды телефонго алаксытпай, убактысын туура пайдаланууга, тартипти биринчи орунга коюуга үйрөтөт. Алдына максат койгон бала ийгиликтерди багындырууга аракет жасайт. Мисалы мен, жашоомдо көп кыйынчылыктарды өткөрдүм. Ачка калган күндөрүм болду, унаа жуучу жайга жашаган күндөрүм болду. Ошол бул убакта мен кудайдын, анан спорттун жардамы менен баарын жеңип, эми минтип максаттарыма четинен жетип келе жатам. Алдыга койгон пландар көп. Олимпиада чемпионун тарбиялап чыгаргым келет. Ата-энелерге айтарым балдарыңыздарды спорт менен машыктырыңыздар, көзөмөл жүргүзүңүздөр. Ошондо балдар кылмыштуулуктан, рэкетчиликтен, өздөрүнөн кичине балдарга үстөмдүк көрсөтүүдөн алыс болот.