Мэрия автопаркта 400 автобус каттамга чыкпай турат деген маалыматты четке какты

Коом Загрузка... 31 Март 2026 13:05
657487483_937402505.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Автопаркта 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын 1250–1300 автобус каттамга чыгат. Коомдук транспорт учурда кадимки режимде иштеп жатат. Автобус паркын пайдалануу 85%ды түзөт.

"Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында сатып алынган 95 жаңы автобус үчүн документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бардык зарыл болгон жол-жоболор аяктагандан кийин, автобустар ишке киргизилет. Жаңы автобустар каттамга чыккандан кийин, паркты пайдалануу көрсөткүчү дагы жогорулайт",-деп айтылат маалыматта.