Microsoft миңдеген кызматкерлерин мөөнөтүнөн мурда пенсияга жөнөтөт

Дүйнө Загрузка... 24 Апрель 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-04-24 at 09.01.20.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Microsoft Corp. компаниясы АКШдагы миңдеген кызматкерлерине пенсия курагына жеткенге чейин өз ыктыяры менен пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул тууралуу Bloomberg басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул программа жогорку кызматтагы жетекчилерге же иши кирешенин өсүшүнө түздөн-түз таасир эткен адистерге тиешелүү эмес.

Акчалай компенсацияны алып, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу сунушу компаниянын АКШдагы жумушчу күчүнүн болжол менен 7%ын камтыйт.

2025-жылдын июнь айынын аягындагы маалымат боюнча, Microsoft'тун АКШдагы бөлүмүндө 125 миң адам иштеген.

Белгилей кетсек, өткөн жылы компания 10 миңден ашык адамды жумуштан кетирген.