Москва менен Пекиндин стратегиялык өнөктөштүгүнө 30 жыл: Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Дүйнө Загрузка... 28 Апрель 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-04-27 at 14.05.37.jpeg
copyright icon Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы

Төмөндө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин биргелешкен макаласы жарыяланат. Материал Россия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүү мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына, ошондой эле алардын Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана аймактык туруктуулук үчүн маанисине арналат.

2026-жылдын 25-апрелинде Пекинде эки тараптуу мамилелердин "стратегиялык өз ара аракеттенүү" форматына өтүүсүн бекиткен россия-кытай биргелешкен декларациясына кол коюлганына 30 жыл толду. Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда 2001-жылы Москвада кол коюлган Россия менен Кытайдын ортосундагы Ак ниет коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин 25 жылдыгы белгиленет. Россия-кытай мамилелери үчүн негиз салуучу болуп саналган бул эки документ тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана өз ара пайда көрүү принциптеринде эки тараптуу байланыштарды ырааттуу тереңдетүү үчүн бекем негиз түздү.

Биргелешкен декларациянын жана келишимдин духун жетекчиликке алуу менен россия-кытай мамилелери кубаттуу ички кыймылдаткыч күчкө жана өз алдынча баалуулукка ээ болуп, тез өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда туруктуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүүдө. Алар "кансыз согуш" доорундагы мамлекеттер аралык мамилелердин эскирген моделдеринин алкагынан чыгып, кошулбоо, тирешпөө жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбоо принциптерин карманышат жана бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин эки тараптуу мамилелеринин ичинен "эң туруктуу жана стратегиялык мазмунга бай" мамилелер катары каралат. Алар ошондой эле туруктуу ак ниет коңшулук жана достук, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык мүнөздүү болгон улуу державалардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү катары кызмат кылып, азыркы туруксуз дүйнөдө туруктуулуктун маанилүү тиреги катары чыгууда.

Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин көрөгөчтүк менен жетекчилигинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүү мамилелери өнүгүүнүн туруктуу жогорку деңгээлин сактап турат. Тараптар бири-бирин ар дайым артыкчылыктуу өнөктөш катары карашат жана эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк, коопсуздук жана өнүктүрүү сыяктуу түпкү кызыкчылыктарга тиешелүү маселелер боюнча бири-бирине бекем колдоо көрсөтүшөт. Россия менен Кытай саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлине ээ жана сырткы провокацияларга, басымдарга алдырбайт. Эки өлкөнүн мамилелери өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу мүнөзүн көрсөтүп турат жана олуттуу стратегиялык туруктуулугу менен айырмаланат. 2025-жылы лидерлер расмий сапарлар менен алмашышты: КЭР төрагасы Си Цзиньпин 7-10-май күндөрү Россияда болуп, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттарга катышты, ал эми Россия президенти Владимир Путин 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга Шанхай кызматташтык уюмунун Тяньцзинь саммитине жана милитаристтик Японияны жеңгендиктин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн барды. Эки мамлекеттин башчылары Москвада жана Пекинде жолугушууларды өткөрүп, анда стратегиялык эки тараптуу жана эл аралык маселелер боюнча терең пикир алышуулар болуп, жаңы келишимдер иштелип чыгып, кызматташтыктын мындан аркы багыттары аныкталды.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык негизги багыттары боюнча оң динамика сакталууда. Биргелешкен декларация жана Келишим соода-экономикалык кызматташтыкты тездетүүдө көрүнүктүү ролду ойноду. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу товар жүгүртүү 200 млрд доллардан ашып, мында Кытай Россиянын негизги соода өнөктөшү позициясын бекем кармап турат, ал эми Россия Кытайдын негизги өлкө-контрагенттеринин арасында бешинчи орунду ээлейт. Россия-кытай газ куурунун "чыгыш" багыты белгиленген кубаттуулукта иштей баштады, энергетика тармагында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Тараптар углеводороддор боюнча да, тынчтык атому чөйрөсүндө да кызматташтыкты тереңдетүүгө ниеттенишет. Эки тараптуу коммерциялык операцияларда рубль менен юандын үлүшү 95 пайыздан ашат.

Эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык-маданий алмашуулар ырааттуу түрдө тереңдөөдө. Биргелешкен декларациянын жана келишимдин жоболорун чыгармачылык менен ишке ашыруунун мисалы катары 2006-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан тематикалык жылдарды өткөрүүнүн калыптанып калган практикасы болуп саналат. Алар илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтык, спорт жана маданият жылдарын ийгиликтүү өткөрүштү. 2025-жылдын ичинде эле 400дөн ашык иш-чара өткөрүлдү, анын ичинде алдыңкы көркөм топтордун өз ара гастролдору жана ири музейлердин ортосундагы көргөзмө алмашуулар болду. Россия президенти Владимир Путин жана КЭР төрагасы Си Цзиньпин биргелешип 2026-2027-жылдарды онунчу улуттук тематикалык жыл — "Россия-кытай билим берүү тармагындагы кызматташтык жылы" деп жарыялашты.

Биргелешкен декларациянын жана келишимдин мааниси буга чейин эле эки тараптуу мамилелердин чегинен чыгып жатат. Алар Россия менен Кытайдын тышкы саясий ишмердүүлүгүн координациялоону тереңдетүү үчүн бекем негиз түзүп, эки өлкөнүн эл аралык иштерге жана үчүнчү мамлекеттер менен болгон мамилесине терең таасирин тийгизди, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму жана БРИКС сыяктуу абройлуу бирикмелердин концептуалдык негиздерин калыптандырууга чоң салым кошту. Россия менен Кытай БУУнун негиздөөчү мамлекеттери жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары эл аралык иштерде анын борбордук координациялоочу ролун жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине негизделген дүйнөлүк тартипти бекем коргошот.

2025-жылы совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жана кытай элинин япон баскынчыларына каршы Каршылык көрсөтүү согушундагы Жеңишинин 80 жылдыгы, ошондой эле БУУнун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленди. Эки өлкөдө тең тарыхты сактоо, курман болгон баатырларга таазим кылууга, тынчтыкты чыңдоого жана келечекке багыт алууга багытталган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Россия менен Кытай Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңүүчү мамлекеттер жана калыптанып жаткан көп полярдуу дүйнөдөгү өз алдынча күч борборлору катары, бардык өлкөлөрдүн тынчтыкты сүйгөн элдери менен бирге Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына туура көз карашты бекем карманууга, согуштан кийинки эл аралык тартипти чечкиндүү коргоого жана эл аралык адилеттүүлүк менен калыстык принциптерин бекем жактоого ниеттенишет.

Ошондой эле эки өлкө "Бир алкак, бир жолду" биргелешип курууну жана Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) айкалыштырууну жигердүү илгерилетип, Евразия мейкиндигиндеги аймактык кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга жана анын мазмунун тереңдетүүгө умтулушат. Бул процессте Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) маанилүү ролду ойнойт. 2025-жылдын сентябрында уюмдун саммитинде кабыл алынган Тяньцзинь декларациясында "Бир алкак, бир жолду" биргелешип куруу демилгесине колдоо көрсөтүлүп, тараптардын "Алкак жана жолду" ЕАЭБ менен айкалыштыруу боюнча аракеттерине жогорку баа берилди. Документте "ШКУ мейкиндигинде кеңири, ачык, өз ара пайдалуу жана тең укуктуу өз ара аракеттенүүнү калыптандыруу маанилүү мааниге ээ" экендиги белгиленген.

Шанхай кызматташтык уюму жалпы калкы 3,4 млрд адамдан ашкан он мүчө-мамлекетти бириктирет жана анын үлүшүнө дүйнөлүк ИДПнын чейреги жана эл аралык сооданын 15 пайызы туура келет. Азыркы учурда уюмга төрагалык кылууну Кыргызстан "ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген ураан астында ишке ашырууда.

Кыргызстандын өкүлү Уларбек Шаршеев учурда уюмдун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) аткаруу комитетин жетектейт, ал уюмдун мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого түздөн-түз жооп берет. РАТТты коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча ШКУнун Универсалдык борборуна трансформациялоонун алкагында анын бөлүмдөрүнүн бири – Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору Бишкекте жайгаштырылат. Төрагалык кылуучу өлкө катары кыргыз тарап ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча сүйлөшүү процессине жигердүү көмөктөшүүдө. Тараптар үстүбүздөгү жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына кызуу даярдык көрүшүүдө. Алдыдагы саммит уюмдун өнүгүүсүнө жаңы дем берерине ишенебиз.

Кыргызстан Россия үчүн да, Кытай үчүн да достук мамиледеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Москва менен Пекин Бишкек менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүдө. Россия менен Кытай – Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрү жана республикага багытталган инвестициялардын көлөмү боюнча лидерлер. 2025-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 14 пайызга көбөйүп, 3,84 млрд долларды түздү. 2002-жылдан берки топтолгон инвестициянын көлөмү – 1,5 млрд доллардан ашат. Маанилүү россиялык долбоорлордун арасында "Газпром" тарабынан жүргүзүлүп жаткан газдаштыруу бар: 2025-жылы отун менен камсыздоо деңгээли 42 пайызга жетти, 2030-жылга чейин 60 пайызга чыгуу пландалууда. "Росатом" кыргыз тарап менен биргеликте Ысык-Көлдө шамал электр станциясын куруп жатат (биринчи кезегин ишке киргизүү 2026-жылдын аягына, толук ишке киргизүү 2027-жылга пландаштырылган), ошондой эле республикада чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Россия капиталынын катышуусу менен гидроэнергетикада долбоорлор, анын ичинде Куланак ГЭСинин курулушу ишке ашырылууда. Ошондой эле Россия Кыргызстандын алтынын казууга да инвестиция салууда (90 тонна алтын жана 25 тоннага жакын күмүш потенциалы бар Жерүй кени).

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп, сезилерлик натыйжаларды берүүдө. 2025-жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 27,2 млрд долларга жетип, бул мурунку жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп жана жаңы тарыхый рекорд болуп саналат. Кызматташтыктын флагмандык долбоору – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – толук масштабдуу курулуш стадиясына өттү. Долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн өз ара байланышынын деңгээлин олуттуу жогорулатып, Евразия континентинде жаңы транспорттук түйүндүн калыптанышына шарт түзөт. Барскоон – Бедел унаа жолунун жана "Бедел" өткөрүү пунктунун курулушу тездетилген темп менен жүрүүдө. Бишкектеги таштанды жагуучу электр станциясы жана Чүй облусундагы кубаттуулугу 100 МВт болгон фотоэлектрдик станция ишке киргизилди. Алардын ишке кириши өлкөнүн калкына сезилерлик пайда алып келүүдө.

Россия менен Кытай Борбор Азияда туруктуулукту чыңдоого, туруктуу өнүгүүнү, гармонияны жана өз ара байланышты камсыз кылууга мындан ары да салым кошууга даяр.

Отуз жыл мурун Россия менен Кытай стратегиялык өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк мамилелерин орнотуу менен эки тараптуу байланыштарда жаңы баракты ачышкан. Өткөн он жылдыктарда россия-кытай мамилелери ырааттуу өнүгүп, туруктуулукту сактоого жана позитивдүү эл аралык күн тартибин калыптандырууга ар дайым көмөктөшүп келди. Азыркы дүйнөдөгү тездик менен болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн шартында адамзат жаңы бурулуш учурунда турат. Татаал жана динамикалуу эл аралык кырдаалга карабастан, россия-кытай мамилелери "ар кандай бороон-чапкындын шамалында кебелбес" бойдон калууда. Тараптар мындан ары да жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ар тараптуу ишке ашырууну, ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара аракеттенүү мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууну көздөшөт. Ошондой эле тең укуктуу жана иреттелген көп уюлдуулукту, инклюзивдүү жана жалпыга жеткиликтүү экономикалык ааламдашууну биргелешип илгерилетүүгө, глобалдык башкаруу системасында улуу державалардын жоопкерчилигин көрсөтүүгө, адилеттүү жана демократиялуу дүйнөлүк тартипти калыптандырууга жана эл аралык иштерде Глобалдык Түштүктүн ролун күчөтүүгө көмөктөшүү ниетинде.

С.И. Вакунов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси

Лю Цзянпин, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси