Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы министрликтин өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушууда Россиядагы мекендештердин убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу жана балдарды Москвадагы мектептерге жайгаштыруу сыяктуу эң актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Канат Сагынбаев жарандардын суроолоруна тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам түрдө чечүү боюнча өкүлчүлүктүн жетекчилигине конкреттүү тапшырмаларды жүктөдү.