Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги "Түндүк" ААК менен биргеликте мугалимдер үчүн иштеген жеринен маалымкат алуу боюнча жаңы санарип кызматты ишке киргизди.
Ведомстводон билдиришкендей, маалымкатты мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси же веб-порталы аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде алууга болот.
Маалымкат автоматтык түрдө "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде түзүлөт жана кызматкер туралуу, иштеген жери жана ээлеген кызматы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
"Документ электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүп, юридикалык күчкө ээ. Анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.