Бишкек, 26.05.26 /Кабар/. Нарын шаарынын тургундары бүгүн атасынын коштоосунда Кытайдан Кыргызстанга ат үстүндө келген кыздарды салтанаттуу тосуп алышты.
"Кабар" агенттигине Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара шаардын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтында өттү. Кыздар аянтка атчан кирип келип, чогулган элге салам беришти.
Аянтта облустук, шаардык жана райондук бийлик өкүлдөрү Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Бейшен кызына эки элдин достугу жана биримдиги үчүн баштаган сапарына ийгилик каалап, алдыга койгон максаттарына аман-эсен жетишине тилектештигин билдиришти.
Аксакалдар кыздарга ак батасын берип, атасына камчы, ал эми кыздарга улуттук баш кийимдерди белек кылышты.
Коноктор үчүн аянтта маданий программа тартууланганы белгиленет.