Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Нарын облусундагы аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин иш кагаздарын жүргүзүүсү, мыйзамдуулуктун сакталышы жана коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча чаралар талдоого алынды.
Мониторингдин жыйынтыгында аймактык кызматкерлер үчүн атайын окуу-семинар уюштурулду. Семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар коррупциялык жагдайларга байланышкан атайын кейс-тапшырмаларды талдап, мыйзам чегинде туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн бекемдешти.
Ошондой эле окутууда ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү заманбап талаптарга ылайык натыйжалуу пландаштыруу жана отчеттуулуктун сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Жергиликтүү адистер мындай практикалык окутуулар кызматтык милдеттерди так аткарууга көмөктөшөрүн белгилешти.