Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. АКШнын NASA агенттиги Orion космостук кемесин Айга ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, кемеде төрт астронавт бар: Рид Вайзман, Кристина Кох, Виктор Гловер жана канадалык өкүл Жереми Хансен. Алар Айга конбостон, аны айланып учуп, кайра Жерге кайтып келишет. Миссиянын узактыгы болжол менен 10 күндү түзөт.
Буга чейин адамдын катышуусунда Айга учуу акыркы жолу 1972-жылы ишке ашырылган. Бул 54 жылдан кийин кайталанып жаткан тарыхый миссия.
Учуу Artemis программасынын алкагында өтүүдө. Атап айтканда, кеме 2022-жылы экипажсыз учкан (Artemis I). Азыркы этап Artemis II адамдар менен Айды айланып учууну камтыйт. Ал эми келечекте NASA Artemis III миссиясы менен астронавттарды Айдын бетине кондурууну пландап жатат.
Андан тышкары, агенттик келечекте Айда туруктуу база куруп, жаңы технологияларды, анын ичинде ядролук кыймылдаткычтарды өнүктүрүүнү көздөйт.