Ноокенде бир түндө 460тан ашык үйдү сел каптады

Кырсык Загрузка... 14 Июль 2026 08:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн түнкү сааттарда 02:00гө карата нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ноокен районунун аймагында сел жүрүп, бир катар турак жайларды жана социалдык объектилерди суу каптады.

747807798_2136029810597605_3152025055613679755_n (1).jpg

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кырдаалга байланыштуу облус башчысынын орун басары Исламбек Увайдуллаев жеринде ыкчам штабдын жыйынына катышып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине селдин кесепеттерин жоюу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келтирилген чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалымат боюнча, Ноокен району боюнча жалпы 466 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Анын ичинен 76 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага, 1 мечитке, ошондой эле 4 коомдук тамактануучу жайга, 5 унаа оңдоочу жайга жана 2 унаа жуучу жайга сел суулары кирген.