Чек ара маселесин чечүү эки элдин орток тилеги болчу – ЖК төрагасы

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Март 2025 15:22
485380213_967091902270699_4050652418198477982_n.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү эки элдин орток тилеги болчу деп билдирди.

“Чек аралардын чечилиши эки элдин кылымдардан бери келе жаткан достугун чыңдап, ортодогу пикир-келишпестиктерди, кагылышууларды токтотууга өбөлгө түзөт. Муну менен катар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөкчү болот деген үмүттөбүз. Эки элдин орток тилеги да ушул. Андыктан, келишимдерге жана макулдашууларга жетишүү үчүн чоң иштерди алып барган өлкө башчыбыз Садыр Жапаровго, чек ара боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Камчыбек Ташиев баштаган командага ыраазычылык билдиребиз”, – деди Төрага.

Ошондой эле дүйнөнүн айрым өлкөлөрү ортосундагы алакалар тууралуу мисал кылган Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан дайыма тынчтыктын жактоочусу экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келишимдердин мыйзамдаштырылышына колдоо көрсөтүп, ратификациялап берген Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын айтып: “Бул кыргыз мамлекетинин чоң жеңиши”, – деди.