Бишкек, 22.05.26 /Кабар/. Германиядагы Макс Планк коомунун Жарык физикасы институтунун окумуштуулары онкологиялык ооруларды эрте аныктоого жардам бере турган жаңы технологияны иштеп чыгышты. Бул тууралуу Science Daily журналына таянып, Известия билдирди.
Маалыматка ылайык, изилдөөчүлөр адамдын ар бир клеткасынын сыртындагы жука көмүртек катмарын — гликокаликсти изилдешкен. Супер жогорку тактыктагы микроскоптун жардамы менен алар кант түзүмдөрүнүн деталдуу картасын түзүп, “гликан атласын” жасоо ыкмасын колдонушкан.
Эксперимент учурунда адистер клетка түзүлүштөрүн, адамдын кан клеткаларын жана ткандардын үлгүлөрүн талдап чыгышкан. Натыйжада гликокаликстеги кант түзүмү клетканын абалына жараша өзгөрөрү аныкталган. Башкача айтканда, бул катмар клетканын ичиндеги маалыматты сыртка көрсөтүп турган экран сыяктуу иштейт.
Окумуштуулар канттагы наноөлчөмдөгү өзгөчөлүктөр аркылуу рактын стадияларын айырмалап, иммундук клеткалардын абалын аныктап, көкүрөк ткандарындагы оорулуу жана соо аймактарды так бөлүп көрсөтө алышкан.
Долбоордун жетекчиси Леонард Мёкль бул ыкма келечекте жаңы диагностикалык методдордун негизин түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, технология татаал үлгүлөрдө дагы так жыйынтык берет.
Келечекте изилдөөчүлөр анализ процессин автоматташтырып, көбүрөк үлгүлөрдү изилдөөнү пландашууда. Алар бул ыкма оорунун белгилери чыга электе эле кооптуу дарттарды аныктоого жардам берет деп ишенишет.