Бишкек, 01.04.26 /Кабар/. Климатты изилдеген адистер жыл аягына чейин Эль-Ниньо кубулушу күчөшү мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бул тууралуу АКШнын Улуттук океан жана атмосфералык башкармалыгына (NOAA) таянып, Euronews кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, жай айларында боло турчу Эль-Ниньонун ыктымалдыгы 62%ды түзөт. Адистердин айтымында, Тынч океандын терең катмарында жылуулуктун топтолушун эске алуу менен, жылдын экинчи жарымында бул кубулуш күчөшү мүмкүн. Ал тургай октябрь-декабрь айларында күчтүү формага өтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Эль-Ниньо Тынч океандагы суунун температурасы нормадан жогорулап кеткен абал. Мындай учурда жылуу суу Түштүк Американын жээктерине жылып келип, муздак суунун жогору көтөрүлүшүнө тоскоол болот.
Эль-Ниньо адатта, дүйнө жүзүндөгү температураны көтөрөт, нөшөрлүү жаан-чачындарды күчөтөт жана сел, суу ташкын жана кургакчылык менен коштолгон экстремалдуу аба ырайын шарттайт.
Адистердин эсебинде, температура 1 градуска жогорулаганда аба нымды 7%га көбүрөк кармайт. Мындан улам катуу жаан-чачын жаайт. Мисалы, Эль-Ниньо 2023–2024-жылдары болуп, дүйнөнүн көп жеринде рекорддук ысык, токой өрттөрү жана суу ташкындары катталган.
Колумбия университети жүргүзгөн изилдөөлөрдө климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн улам океандын бат ысыганы белгиленет. Ал эми бул болсо Эль-Ниньо сыяктуу кубулуштардын бат-бат кайталанышына шарт түзүшү мүмкүн.
"Жыйынтыктап айтканда, окумуштуулардын эң көп тынчсыздануусу — Эль-Ниньонун өзү эмес, дүйнөлүк океандын болуп көрбөгөндөй ылдам ысып жатканы", — деп айтылат маалыматта.