Олимпиада-2026. Норвегия медалдардын саны боюнча алдыда келе жатат

Спорт Загрузка... 10 Февраль 2026 09:00
c703833d-f404-415c-8996-b0a30c80c6de.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Норвегия учурда Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын жалпы рейтингинде алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу Интерфакс жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мелдештерде азырынча Норвегия 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Швейцария 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло менен 2-орунда, ал эми Япония 2 алтын, 2 күмүш, 3 коло менен 3-орунга жайгашкан.

Италиядагы кышкы Олимпиада оюндары 22-февралда аяктайт.