Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бишкектеги №24 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Шаардык көзөмөл органы "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын сакталышын текшерген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин жооптуу кызматкерлери окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү шылтоосу менен мыйзамсыз түрдө жалпы 1 млн 131 миң 450 сом чогултушканы аныкталган. Мыйзамсыз жыйналган акча каражаттарынын бир бөлүгү аталган билим берүү мекемесинин кызматкеринин үйүндө сакталып келген.
Аталган факты боюнча "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар бардык тараптарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары кызуу жүргүзүлүүдө.