Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан Royal Central Park көп функционалдуу комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө объектинин биринчи этабына кирген 5 блок боюнча жер казуу иштери толугу менен аяктады. Ал эми 2 блокто монолиттик иштер аткарылууда. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана инженердик инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат.
Долбоор боюнча, жалпы 39 блок жана 26 миң батир каралган. Турак жай комплексинин биринчи этабы 29 кабаттан турган беш блокту камтыйт. Комплекстин аймагында турак жайлар менен катар коомдук жайлар, жашыл зоналар жана заманбап инфраструктуралар түзүлөт.
Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына, шаар куруу жана курулуш талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Белгилей кетсек, Royal Central Park мурдагы “Ак-Кула” ипподромунун аймагында ишке ашырылып жаткан ири шаар куруу долбоорлорунун бири болуп саналат.