ОСАГО: Үч ай ичинде 100 млн сомго жакын кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 31 Март 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Өлкөдө үч айдын ичинде ОСАГО полиси боюнча 100 млн сомго жакын кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу төлөм сертификаттарын тапшыруу учурунда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын директору Алима Нурланова билдирди.

Директордун айтымында, бул жолу сертификаттар атайын жол кырсыктарынан кийинки процесстерди жандуу көрсөтүү, мисал кылуу максатында Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын айып короосунда тапшырылды.

“Учурда Бишкек филиалы 44 жаранга 4 млн сомго жакын каражаттарды төлөп берип жатат. Мындай төлөмдөр жума сайын берилүүдө. Ал эми ал үч ай ичинде жалпысынан 57 млн сомго жакын кенемте төлөндү. Жалпысынан жыл башынан бери өлкө боюнча 100 млн сомго жакын акча кажаттары күнөөлүү тараптардын чыгымын жаап берди”, - деп белгиледи директор.

Нурланова ошондой эле жарандарды каржылык коопсуздукка кам көрүү максатында унааларды камсыздандыруу чакырып өттү.