Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын авариялык комиссары Аман Бейшенов “Кабар” агенттигине билдиргендей, ОСАГОсу бар жарандар жол кырсыгына кабылган учурда алгач эле уюмга чалып, кабарлоосу зарыл.
“Жол кырсыктары катталган учурда жарандар сөзсүз түрдө уюмга чалып кабарлашы керек. Ошол эле маалда өзүн жоготуп, эмне кылышын билбей калгандар да бар. Негизи 5 күндүн ичинде биздин уюмга билдирүү зарыл.
Андан соң биз барып, түшүндүрүү жана тактоо иштерин жүргүзөбүз. Сөзсүз түрдө маалыматтарды каттап, фотофиксация жүргүзөбүз. Бизге күнөөлүү жана күнөөсүз тараптарды жол кайгуул кызматы аныктап берет. Алардын чечими менен жабырлануучу тарапка бир нече убакыттын ичинде кенемте төлөп беребиз. Учурда каражаттар орточо эсеп менен алганда 10-12 күндүн ичинде төлөнүп берилүүдө”,-деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюумунун Бишкек шаардык филиалы 44 жаранга 4 млн сомдон ашык каражаттарын тапшырды. Ал эми аталган сертификаттар Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын айып короосунда тапшырылды.