Бишкек, 31.03.26 /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөп берди. Анда 50 миң сомдон 150 миң сомго чейинки акча каражаттарын алган жарандар өз пикирлери менен бөлүштү.
Бишкек шаарынын тургуну Кубанычбек Абдыкасымовго таандык унаа жол кырсыгына кабылган учурда, унааны анын досу башкарып бара жаткан. Учурда жаран 142 миң сомго барабар кенемте алганын айтты.

“Унаамды досум айдап бара жатып “Тазалык” ишканасынын унаасы менен жол кырсыгына кабылыптыр. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун текшерүү жана баалоо иштеринен кийин бүгүн күнөөлүү тарап үчүн төлөнгөн кенемтени алып жатам. Бул арада кандайдыр бир ыңгайсыздыктар же кечигүүлөр катталган жок. Кенемте өз убагында төлөнүп берилип жатат. Бул каражат чыгымдарды жабууга жетет. Мен унаама дагы ОСАГО полисин алгам. Ал абдан ыңгайлуу экен. Башкаларга дагы бул полисти алгыла деп сунуштамакчымын”, - деп белгиледи ал.
Төлөм каражатын алган дагы бир жаран, Бишкек шаарынын тургуну Давронбек Тохтасиновдун айтымында, ага уюм бүгүн 107 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүүдө.

“Жол кырсыгы Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Текшерүү жана баалоо иштери толук аяктап, бүгүн кенемтени алып жатам. Учурда унаам оңдоодон өтүп жатат. Миң сомго алынган ОСАГОнун ордуна 107 миң сом менен чыгымдын жабылышынын айырмасы абдан чоң. Мен өзүм дагы бул полисти алгам жана башкаларга да сунуштайм”, - деди жаран.
Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Махабат Чаеванын унаасын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде турганда артынан келген автобус сүзүп алган.

Өз убагында жана керектүү жерде кенемте ала алган жаран уюмга ыраазычылыгын билдирип өттү.
“Камсыздандыруу уюмуна ыраазычылык билдирем. Өз убагында, керектүү учурда жардамы тийди. Мурун ага ишенчү эмеспиз. Бул окуядан кийин биз мүлктү сөзсүз камсыздандыруу керек экен деген чечимге келдик. Кырсыктар болбой эле койсун. Бирок, унааны өз убагында камсыздандыруу абдан зарыл экен”,-деди Чаева.
Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы кезектеги кенемтелерди өз ээлерине тапшырды. Анын алкагында 44 жаранга 4 млн сомдон ашык каражаттар төлөнүп берилди. Уюм жыл башынан бери 100 млн сомго чейинки кенемтелерди төлөгөн.