Ош облусунда жер титиреди

Кырсык Загрузка... 19 Май 2026 15:00
1577678488_sejs-222.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Бүгүн саат 12:43тө Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түндүккө карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 115 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.