Оштогу Курманжан датка көчөсү оңдолууда: Жолдун туурасы 24 метрге жетет

Коом Загрузка... 29 Июнь 2026 09:50
501042081_1065712822414281_1352297590318349023_n.jpg
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөнүн Аматов көчөсүнөн Токтомушев көчөсүнө чейинки тилкесинде асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Оңдолуп жаткан жолдун узундугу 1 чакырымды, туурасы 24 метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, жолдун эки четинде ирригациялык тутумдарды куруу жана жашыл аймактарды уюштуруу каралган.