Ошто 2,7 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 26 Май 2026 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Ош шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ноокен райондук транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун айрым кызматкерлерине карата тергөө иштери жүрүп жаткан учурда А. жана Г. аттуу жарандар өздөрүн таасирдүү адамдар катары тааныштырып, Б. У. аттуу жаранга тергөөнү оң жагына чечип берүүнү убадалашкан. Алар бул үчүн 20 миң АКШ долларын алышканы айтылат.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечип берүү шылтоосу менен А. аттуу жаран Б. У.дан дагы 20 миң АКШ доллары жана 100 миң сом алган.

Кийинчерээк Б. У.га карата бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүп берүү үчүн анын жакындарынан дагы 18 миң 900 АКШ доллары жана 100 миң сом алынганы аныкталган.

Натыйжада жабырлануучу тарапка жалпысынан 2 млн 784 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Б. У. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М. А. кармалган.

Маалым болгондой, ал өзүн Ош шаардык адвокаттар коомунун адвокатынын жардамчысы катары тааныштырып жүргөн жана мекемелердин биринде юрист болуп иштеген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.