Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Ош шаарында жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров аталган шаардагы мектептердин курулушуна старт берүү учурунда билдирди.
Президенттин айтымында, бүгүнкү курулушу башталган 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда.
“Жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаар мектептериндеги орун тартыштыгын болжол менен 20-22%ын жабууга мүмкүндүк болот. Натыйжада 3 смендүү мектептердин саны кыскарып, бир катар мектептер 2 сменден 1 сменге өтүшөт. Класстардагы окуучулардын саны азайып, билим сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт.
Биз Ош шаарындагы класс тартыштыгы көйгөйүн толук чечпесек да, учурда курч болуп турган бөлүгүн жеңилдетебиз. Өзгүр, Кызыл-Байрак, Сүрөттүү-Таш, Сары-Зоо, Ак-Буура-2 жана башка конуштар мектептүү болуп калышат.
10 мектептин курулушу Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул кадамдар билим берүү системасындагы көп жылдык топтолгон көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу башаты болуп саналат”,-деди Садыр Жапаров.