Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан күн мурун Ош шаарында орун алган, анын кесепетинен жаран каза болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
ИИМден билдиришкендей, азыркы учурда Ички иликтөө кызматы тарабынан окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде окуя болгон жерде болгон милиция кызматкерлеринин аракеттерин, алардын өз убагында чара көрүүсүн жана көрүлгөн чаралардын толуктугун ар тараптуу жана объективдүү текшерүү иштери жүрүүдө.
"Ички иштер министрлиги кызматтык тартипти бузуу, шалаакылык же кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбоо боюнча мүмкүн болгон бир дагы факты тиешелүү укуктук баасыз калбай турганын баса белгилейт.
Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылат",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.