Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев ага Бишкек шаарынын Достук кичи районунун жашоочулары кайрылганын билдирди.
Анын айтымында, кичи район 1986-жылы курулуп, учурда андагы 37 турак үйдө 5 миңге жакын адам жашайт. Алгачкы долбоорго ылайык, аймакта откана үчүн жер тилкеси каралган, бирок 2006-жылы ал жер жеке менчикке өтүп кетип, инфраструктурасы талкаланган.
"Ошондон бери жер тилкеси бош турат, эми ал жерге көп кабаттуу үй куруу пландалууда. Райондо кышында суук, жылуулук маселеси ушул күнгө чейин чечиле элек", — деп белгиледи депутат.
Ошондой эле ал 20 миңге жакын адам жашаган Ак-Босого конушундагы көйгөйлөргө токтолду.
Депутаттын айтымында, ал жерде канализация жок, ошону менен бирге газ, суу түтүктөрүн өткөрүү жана жолдорго асфальт төшөө маселелери да чечилбей келет.